Күзгү Бишкек
Кел кеч күзүм, жолуң тосуп жөнөйүн,
Сыр сурасаң, сырым төгүп берейин.
Күндө таңкы күн нуруна жуунган,
Сары алтындай саамайыңдан өбөйүн.
(Бактыгүл Чотурова, “Кеч күз”)


Кел кеч күзүм, жолуң тосуп жөнөйүн,
Сыр сурасаң, сырым төгүп берейин.
Күндө таңкы күн нуруна жуунган,
Сары алтындай саамайыңдан өбөйүн.
(Бактыгүл Чотурова, “Кеч күз”)

Саратандуу маанай күтүп жүрсөк биз,
Сары убайым санаа болуп келди күз.
Суз ойлорду «дуу» учуруп үркүтүп.
Сүйгүм келди мен бирөөнү күтүүсүз.
(Зинакан Пасаңова, "Күз маанай").

Соолуй элек гүлдөр үшүп түнкүсүн,
Кыроо тоңгон желекчелер бүрүшөт.
Суукту сезбей жалгыз гана кыз-жигит,
Түн күзөтүп сейилдешип жүрүшөт.
(Зинакан Пасаңова, "Күз маанай")

Күздүн суугун сезбестен, тал-канатын тарайт сулуу көгүчкөн...

Күз күндөрүн шаңга бөлөгөн жаштык жигер...

Күздө түшкөн нур сулуу,
Күз жазылган ыр сулуу.
Күбүрөшүп кызыктай,
Күздө айтылган сыр сулуу.
(Токуш Чолпонбаев, "Күз сулуу")

Күздүн кыска күнүн тамаша-шаң менен узарткан Бишкек жаштары

Жугуму жок өгөй неге быйыл күз?
Же жанымда сен жоктугуӊ үчүндүр.
А тиргилик бейгам жана кайдыгер,
Бир жол менен өтөт мага түшүнгүс...
(Зинакан Пасаңова, "Күзгү маанай")

Күз да келет,
Күз келет деп сүйүнөм.
Бариктердей дарагынан күбүлгөн,
Шамалындай көчөсүндө жүгүргөн,
Ырлар жазган келет менин күндөрүм.
(Сагын Акматбекова, “Күз ырлары”)

Жалбырактар жагалданып дирилдеп,
Жаш көркүнө өзгө түгүл өзү мас.
Саябанын сүйүшкөндөр самашчу,
Кайда кетти шаан-шөкөттүү ысык жай?!
(Зинакан Пасаңова, "Күзгү бак баяны")
Сары, кызыл жалбырак,
Санааларга алдырат.
Сары кыздай боёнгон,
Саябан бак алдырат...
Ырда сүрөттөлгөндөй эле ушул тапта ордо калаабыз күздүн кучагында. Түстүү жалбырактар, күзгү гүлдөр каалгый учуп, бут алдыңа төшөлгөн жалбырыктар, айтор, күз адамды өзгөчө сезимге бөлөп, ички туюмуңду кытыгылайт. Күзгү Бишкекти тартып, сүрөттөргө ылайык өз оюбузду жана акын агай-эжелердин ырларынан бердик.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

