super.kg logo

УКМК: "Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды" (видео)

 

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталып, ишмердигине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Күрментцемент" ААК цемент заводунун аймагына жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет элдик жарандарга таандык ири майнинг-ферма аныкталды.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, компания электр жана суу менен камсыздоону мыйзамсыз жүргүзүп келген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кылмыш ишинин алкагында, майнинг-фермадан 2 миңге жакын жабдуу алынды.

Учурда УКМК тарабынан буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо улантылууда.

Тергөө иштери улантылып жатат", - деп жазылат маалыматта.






УКМК:"Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.06.2021. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоң ишкана екен го значит крышасы дагы чоң екен да
02.06.2021. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майнинг компанияларды жапкыча чет жактагылардан чакырып мыйзам менен коргоп иштетсе бюджетке Кумтөргө караганда 10эсе көп акча түшмөк.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: