super.kg logo

"Шектүүнүн үстүнөн 20 арыз келип түшкөн". Бишкекте алдамчылыкка шектелип 46 жаштагы аял кармалды

 

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 11-июнь күнү Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2018-жылы январь айында чала тааныш аял арыз ээсинин ишенимине кирип, өзүн компаниялардын биринде иштейм деп тааныштырып, "компанияга акча которсоңор жогорку пайызда акча ала аласыңар" деп ишендирип, 19 миң 591 евро акчасын ээлеп алган. Андан кийин убадасын аткарбай, из жашырып качып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 1975-жылы туулган Т.А. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ленин райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

Мындан сырткары, бул аялдын үстүнөн дагы 20 арыз келип түшкөн. Учурда ал чыгымдар эсептелүүдө. Шектүүнүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу тууралуу тергөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти аталган райондун милициясынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.06.2021. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АстагфирАллах
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: