super.kg logo

АКШ Ооганстандагы аскер базасынын үчтөн бир бөлүгүн чыгарып кеткенин жарыялады

 

АКШ Ооганстандагы аскер базасын чыгарууну улантып жатат жана учурда аскер базанын үчтөн бир бөлүгү Ооганстандан чыгарылды. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Борбордук командачылыктын божомолуна ылайык, биз аскерлерди чыгарып кетүүнүн 30-40 пайызын аткардык" деп айтылат командачылыктын билдирүүсүндө.

АКШнын Куралдуу күчтөрү буга чейин ээлеп алган алты объектини Ооганстандын Коргоо министрлигине өткөрүп берген. Мындан тышкары, ири көлөмдөгү аскер техникалары чыгарылганы кабарланууда.

Ошентип АКШ күчтөрү жана алардын НАТОдогу өнөктөштөрү Ооганстандан кете баштады. Бул процессти 2021-жылдын 11-сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда. Америка Кошмо Штаттарына бул ишти бүтүрүүгө төрт айга жетпеген убакыт калды.

Буга чейин АКШнын Борбордук командачылыгынын командири, генерал Фрэнк Маккензи жакынкы чыгыштагы АКШнын аскер күчтөрүнүн саны азайган сайын Орусия менен Кытай региондогу таасирин кеңейтүүгө умтулат деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: