super.kg logo

Финляндияда көчөлөрдү тазалоо үчүн чаң соргуч робот ишке киргизилди

 

Финляндияда көчөлөрдү тазалоо үчүн чаң соргуч робот ойлоп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Роботту дүйнөгө Финляндиянын "Trombia Technologies" компаниясы тартуулады. Алар иштеп чыккан "Trombia Free" чаң соргучу көчөлөрдү таштандыдан тазалайт.

Маалыматка ылайык, чаң соргуч робот учурда Хельсинки көчөлөрүндө толук иштеп жатат. Эч кандай адамдын жардамы жок, ал күндүзү жөө жүргүнчүлөр баскан жолду тазаласа, ал эми түнкүсүн шаардын ээн көчөлөрүн тазалайт.

Роботтун узундугу болжол менен 3 жарым метр, туурасы 2 метр 30 сантиметр. Роботтун максималдуу ылдамдыгы саатына 10 чакырымды түзөт, бирок бул көрсөткүч программалык деңгээлде чектелген жана саатына 6 чакырымдан ашык ылдамдай албайт. Кыязы, бул башкалардын коопсуздугу үчүн жасалып жатат. Анткени жогорку ылдамдыктагы робот бирөөгө зыян келтириши мүмкүн.

"Trombia Free" роботу камералар жана сенсорлору менен жабдылган. Алардын жардамы менен айланадагы мейкиндиктин картасын түзүп, тоскоолдуктар бар экендигин аныктап, аларды кылдаттык менен айланып өтөт.

Роботтун иштөө убактысы орнотулган батарейканын кубаттуулугуна жараша болот. Орточо эсеп менен робот 8 жарым сааттан 17 саатка чейин иштей алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: