super.kg logo

Коронавирус илдети лабораториядан тараганбы? АКШ экспертинин жообу

 

АКШнын улуттук саламаттыкты сактоо институтунун жетекчиси Фрэнсис Коллинз коронавирус илдети лабораториядан жасалгандыгы тууралуу далилдер жок экенидигин билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматына ылайык, адис телеканалдардын бирине маек берип жатып, буга чейин коронавирус илдети лабораторияда жасалгандыгы тууралуу маалыматтар айтылып келгенин билдирип, ага карата комментарий берген.

"Бирок бул маалымат вирустун келип чыгышына дал келбейт. Аталган вирус Кытай лабораториясынан катачылыктан улам тараган деген версияга эч кандай далилдер жок", - деген Фрэнсис Коллинз.

Ошондой эле Коллинз айтылган сөзү куру болбошу үчүн далилдеп берүүгө аракет кылган.

Эске салсак, буга чейин дүйнөлүк коомчулукта коронавирус илдети Ухан шаарында лабораторияда иштелип, катачылыктан улам тарап кеткендиги боюнча кептер айтылып келген.

Мындан улам Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Ухан шаарына коронавирустун келип чыгышы тууралуу айтылган кептердин чын-төгүнүн билүү максатында март айында жумушчу топ жөнөткөн. Жыйынтыгында коронавирус лабораторияда жасалбагандыгы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: