super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиев: "Спутник V вакцинасынын 2-дозасын алган адамдарда дене табынын көтөрүлүшү болуп жатат"

 

Азыркы учурда коронавируска каршы Спутник V вакцинасынын 1 дозасы 10 доллардан (844 сом 80 тыйын) алынып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Биз COVAX программасынын алкагында 150 миң доза Синофарм вакцинасын алдык, эми дагы аталган вакцинанын 150 миң дозасын алып жатабыз. Спутник V вакцинасынын 40 миң дозасы келген. Анын ичинен 10 миңи грант, 30 миңин сатып алдык.

Мындан тышкары 420 миң доза AstraZeneca вакцинасын берип жатышат. Синофарм вакцинасынын эч кандай терс таасирлери байкалган жок.

Ал эми Спутник V вакцинасынын 2-дозасын алган адамдардын кээ биринде дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык болуп жатат. Биз мунун баарына мониторинг жүргүзүп жатабыз. Биздин дарыгерлер көзөмөлгө алышууда.

Спутник V вакцинасынын биринчи дозасын алганда мындай өзгөрүүлөр болгон эмес. Мониторинг тууралуу вакцинаны иштеп чыккан компанияларга кайрылып жатабыз", - деди Бейшеналиев.

Спутник V вакцинасын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму каттоого киргизе элек. Ошондой эле июнь айында каттоодон өтө тургандыгын министр кошумчалап өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.06.2021. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы эмне дейт ботом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: