Түштүк Кореяда кинотеатрлар билеттерин эмдөөдөн өткөн жарандарга арзан сатат
Түштүк Кореяда кинотеатрлар COVID-19га каршы эмделген жарандарга 50 пайыздык жеңилдик берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, коронавируска каршы вакцинанын бир дозасын алган жарандар эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатын көрсөтүп билетти 50-60 пайызга арзан ала алышат.
Бул акция өлкө өкмөтүнүн калкты эмдөөдөн өткөрүү иштерине колдоо жана пандемиядан бери бош калган кинотеатрларга көрүүчүлөрдү тартуу үчүн өткөрүлүүдө. Акция июнь айынын аягына чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.