super.kg logo
  Саясат  

Саламаттыкты сактоо министри: "Өлкөдө калктын 38-41 пайызы коронавирус илдети менен ооруган"

 

Өлкөдө калктын 38-41 пайызы коронавирус илдети менен ооруган. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

"Биз эки жолу текшердик. Биринчисинде калктын 38 пайызы, экинчисинде калктын 41 пайызы коронавирус менен ооруган. Жаштар былтыр май айында ооруп, жеңил өтүп кеткен. Эми кайрадан ооруп жатышат", - деди ал.

Жогорку Кеңеште Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине коронавирустук инфекцияга каршы вакцинаны сатып алуу үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө токтом долбоору каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: