super.kg logo

"Жаман билдирүү жазгандар менин кызымдай болуп алышсын" дейт Айзада Жамгырчиеванын апасы (видео)

 

Бүгүн борбор калаабыз Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун биринде ырчы, теле алып баруучу жана актриса Айзада Жамгырчиеванын кийим дүкөнүнүн ачылышы болуп өттү. Анда оюн-зооктор, ыр, бийлер коштолуп, аны менен кошо тамак-аштар, белектер берилди. Ачылышка атайын деле чакырылган конок болгон жок. Келгендердин көпчүлүгү социалдык тармактарынан эле угуп, Айзада Жамгырчиеваны куттуктап келгендер жана жаңы баштаган ишин колдогон шоу-бизнестин өкүлдөрү болду.

Айзада Жамгырчиева негизи 5-июнга ачылышты пландап жатканын, эрте ачылып кеткенине байланыштуу даярдыктары аз экенин жана бир башкача толкунданып жатканын айтат.

"Москвадан кечээ эле учуп келип бүгүн ачып жатабыз. Социалдык тармактагы баракчама бир эле пост чыгарып койгом. Бирок адамдардын мынчалык көп келиши мен үчүн дагы күтүүсүз жерден болду. Менин күйөрмандарым ушунчалык көп экенине абдан кубанычтамын. "Эми кантип киши чогултам" деп отурдум эле. Буга чейин деле дүкөндөрүм бар болчу жана алар кичинекей. Бул дүкөнүм чоң болгондуктан ушундай чоң ачылыш жасадык. Эми менин экинчи үйүм ушул жер болот. Бош болсом эле келип кардарларга өзүм кийим тандап бергенге аракет жасайм", - дейт ал.

Ачылышка келген өзгөчө конок бул Таластан бери келген Айзаданын ата-энеси болду.

"Айзаданын тырышчаактыгы, эркек мүнөзү, тыкылдактыгы кичинекейинен ушундай. Сырттан көрүп абдан көп сүйлөйт, баарын айтып салса керек деп ойлошсо керек. Чынында ал жашоодо өтө эле жабык адам. Мисалы, дүкөн ачып жатканын бизге айткан эмес. Бүт жаңылыктарын интернеттен карап билебиз. Кээде интернеттен кылыктарын, кийингенин көрүп калсам чалып урушам. Мурун кызыма жазылган ар бир билдирүүнү окуп жиним келип, башым ооруса азыр такыр окубайм, сүрөттөрүн эле карап өтүп кетем. Жаман билдирүүнү жазгандарга "менин кызымдай болуп алгылачы деп коём", - деди күлүп Айзада Жамгырчиеванын апасы Узенова Сулумкан.

Толугу менен видеодон көрүңүз.






"Жаман комментарий жазгандар менин кызымдай болуп алышсын" дейт Айзада Жамгырчиеванын апасы

Автор: Медина Найманова
Оператор: Бакыт Жаналиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(6)
04.06.2021. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
молодец!
04.06.2021. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат.Соодасына ийгилик.Кирешесини жакшылыктарга жумшасын.
04.06.2021. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат туура апасы айтканы
04.06.2021. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ковид көбөйүп жатканда ушундай чогулмайларды азайтып турсак болмок.
04.06.2021. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ото кыйын кыз экен азамат дагыда ийгилик
04.06.2021. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адамдар бекер тамак ашка уйулгонго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: