super.kg logo
  Спорт  

Футбол. Чемпиондор Лигасы: Ибрагимович төрт, Роналду, Рибери, Агуэро жана Кисслинг эки иреттен өзгөчөлөндү

 
Бавариянын көзгө басар оюнчулары француз футболчусу Рибери менен голландиялык Роббен
Криштиану Роналду УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 3 оюнунда 7 гол согууга жетишип, "мергендердин" сап башына чыкты
Бир беттеште 4 ирет гол согуп, "покер" жасаган Ибрагимовичтин кубанычына чек жок

23-октябрь күнү клубдар арасында эң беделдүү деп саналган УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы 3-турдук беттештери жыйынтыкталды. Анда “А”, “В”, “С” жана “D” тайпаларындагы клубдардын беттештери өттү. Күндүн борбордук беттешинде испаниялык “Реал” италиялык “Ювентус” клубун өз үйүндө кабыл алып, беттеш калысынын бир нече чыгарган туура эмес чечими менен италиялык клуб 2:1 эсебинде жеңилип калды. Ошондой эле орусиялык “ЦСКА” англиялык “Манчестер Ситини” кабыл алып, беттеш 2:1 эсебинде коноктордун пайдасына чечилди. 23-октябрь күнү жыйынтыкталган бардык беттештердин тизмеси төмөндө:  

“D” тайпасы  

ЦСКА (Орусия) 1:2 "Манчестер Сити" (Англия) 

Голдор: Тошич, 32-мүнөт (1:0). Агуэро, 34 (1:1). Агуэро, 42 (1:2) 

"Бавария" (Германия) 5:0 "Виктория" (Чехия)

Голдор: Рибери, 25 – пенальтиден (1:0). Алаба, 37 (2:0). Рибери, 61 (3:0). Швайнштайгер, 64 (4:0). Гётце, 90+1 (0:5).

“А” тайпасы  

"Байер" (Германия) 4:0 "Шахтёр" (Украина) 

Голдор: Кисслинг, 22 (1:0). Рольфес, 50 – пенальтиден  (2:0). Сэм, 57 (3:0). Кисслинг, 72 (4:0).

"Манчестер Юнайтед" (Англия) 1:0 "Реал Сосьедад" (Испания)

Голдор: И.Мартинес, 2 – өз дарбазасына (1:0).

“В” тайпасы  

"Реал" (Испания) 2:1 "Ювентус" (Италия) 

Голдор: Криштиану Роналду, 4 (1:0). Льоренте, 22 (1:1). Криштиану Роналду, 29 – пенальтиден (2:1).

"Галатасарай" (Түркия) 3:1 "Копенгаген" (Дания)

Голдор: Фелипе Мело, 10 (1:0). Снейдер, 38 (2:0). Дрогба, 45+1 (3:0). Клаудемир, 88 (3:1).

“С” тайпасы  

"Бенфика" (Португалия) 1:1 "Олимпиакос" (Греция)

Голдор: Домингес, 29 (0:1). Кардосо, 83 (1:1)

"Андерлехт" (Бельгия) 0:5 ПСЖ (Франция)

Голдор: Ибрагимович, 17 (0:1). Ибрагимович, 22 (0:2). Ибрагимович, 36 (0:3). Кавани, 52 (0:4). Ибрагимович, 62 (0:5).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.10.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Криштиану Роналдо №1 дуйнодо...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: