COVID-19: Өлкөдө бир күндө 2 миңге чукул адам эмдөө алды
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө старт алгандан бери жалпы 86 миң 72 адам вакцина алды. Мындай статистикалык маалымат Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан белгилүү болду.
4-июнга карата республика боюнча 86 миң 72 адам эмделсе, анын ичинен 40 миң 294ү экинчи дозаны алып жетишти.
Ал эми соңку суткада 1 миң 966 жаран эмделип, анын 1 миң 135и вакцинанын экинчи дозасын алышты.
Кыргыз жергесинде эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган. Учурда эмдөөгө Sinopharm жана Спутник V вакциналары колдонулуп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.