super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мамытбай Салымбеков Кыргызстандагы сотторду аттестациядан өткөрүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы жыйынында депутат Мамытбай Салымбеков Кыргызстандагы сотторду аттестациядан өткөрүүнү сунуштады. Учурда соттор кызматка коррупциялык схема аркылуу келип жатышат деген депутат: "Сотторду шайлоо боюнча кеңешке  талапкерлер коррупциялык жол менен сунушталып жатат. Муну кеңеш эки жолу соттогон адамды шайлап алган чечимден улам көрүп жатабыз. Аттестация жүргүзүү керек. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Соттор кеңеши анализ жүргүзүшсүн. Азыркы тапта адилетсиз соттордун айынан жарандарыбыз жапа чегүүдө. Кимдир бирөөнү акча үчүн камаса, кимдир бирөөнү ошол эле акчанын айынан актап жатышат",- деди ал. Мындан сырткары соттордун айынан түрмөгө түшкөн бейкүнөө адамдарды бошотуу боюнча мыйзамды колдоону сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: