super.kg logo

Тажикстан Кыргыз-Тажик чек арасында абал курчуганы боюнча комментарий берди

 

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз өлкөсүндөгү мамлекеттик чек ара тууралуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Тажикстан макулдашылган линияда экендиктерин айтышкан.

"Кыргыз жана Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы делимитация жана демаркация маселеси боюнча жалпы 986,7 чакырым, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасы 519 чакырым деп жазылган. Мында бөлүнө элек Шатты ашуусу бар.

Буга байланыштуу аталган тилкеде делимитация иштерин аягына чыгаруу үчүн топографиялык жумушчу топко иш тапшырылган.

Мындан улам тажик тараптын аскер кызматкерлери абалды көзөмөлдөп турат", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Кыргыз өлкөсү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булактагы Кыргыз-Тажик чек ара тилкесинде абал курчуганы маалымдалган. Анда саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкени жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.06.2021. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Боло берет экен деп ойлосонор жаныласынар Тажиктер!!! сабырдында тубу бар кыжырга тийип баштадынар абайлагыла кудай бар устубуздо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: