Орхан Инандыны издөө иштери активдүү уланууда. Бишкек ШИИББи видео жарыялады

Маалыматка ылайык, азыркы тапта ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте тергөө иш-чаралары, тинтүү жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
"Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон Орхан Инанды болушу мүмкүн болгон жерлердин бардыгын текшерүүдө. Өткөн суткада мейманканалар, курулуп жаткан имараттардын аймактары, анын ичинде гараж кооперативдери жана унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор менен фабрикалардын аймактары, токой тилкелери жана сейил бак зоналары текшерилди. Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айдоо жерлеринде, ошондой эле таштанды төгүлүүчү жайларда издөө жүргүзүлүп жатат. Андан сырткары кинологдор жана кызматтык иттер издөө иштерине тартылды. Адам өтүүгө кыйын жерлерде дрондор колдонулду. Борбор калаага кирүү жана чыгуу стационардык посттор тарабынан көзөмөлдө турат", - деп жазылат маалыматта.
Орхан Инанды изделүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Milduri

04.06.2021. 18:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай көрсөтүп бат баттан маалымат берип тургулачы болбосо Сапаттын адамдары митинг кыла беришип президентти да кууп салмай болушту.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.