super.kg logo

Hyundai Sonata автоунаасынын жеңүүчүсү ким болду? "Жазгы драйв" лотереясынын жыйынтыгы

 

31-майда "Жазгы драйв" лотереясынын алкагында финалдык ойнотуу өтүп, 24 смартфон жана үчүнчү автоунаа – 2021-жылкы Hyundai Sonata ойнотулду.


Жаңы автоунааны жалал-абаддык тигүүчү Жыпаркүл Дүйшөнбек кызы утуп алды. Учурда Жыпаркүл жолдошу менен Бишкекте жашап, үч кызды тарбиялап жатышат.

Кененирээк видеодо.

"Лотерея жүрүп жатканын билгенбиз, бирок маани деле берген эмеспиз. Болгону 6 билетим бар болчу, деги эле утуп алуу мүмкүн экенине ишенген эмесмин. Кубанычым койнума батпай, абдан сүйүнүп турам. О! мобилдик компаниясына терең ыраазычылык билдирем!", – деп бөлүштү жеңүүчү.

"Келинчегим утуп алганын айтканда, чынын айтсам, ишенген жокмун. Эми гана колубузга документтерди алганда чындап сүйүнүп отурам. Абдан бактылуумун, кубанычымды сөз менен жеткире албайм!", – деп кошумчалады жолдошу Алишер Уркумбаев.


Жалпысынан лотереянын жүрүшүндө 12 миллионго жакын билет берилип, 200 кыргызстандык стилдүү смартфондорду утуп алса, үч катышуучу Hyundai автоунааларынын жеңүүчүсү болду. Жеңүүчүлөрдүн арасында өлкөбүздүн ар кайсы бурчунун: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас жана башка шаарлар менен айылдардын тургундары бар.

Бактылуу жеңүүчүлөрүбүздүн сүрөттөрү drive.o.kg сайтында жайгашкан.

Белгилей кетчү нерсе, лотереянын эрежелерине ылайык, жеңүүчү байгесин алуу үчүн уюштуруучуга үч айдын ичинде кайрыла алат.

"Мой О!" тиркемесин жүктөп алыңыз жана сизди сапаты, ылдамдыгы жана эң сонун ойнотуулары менен кубантууну уланткан О! Мобилдик оператору менен бирге болуңуз.

Ойнотуунун расмий өнөктөшү – Hyundai Центр Кыргызстан.

04.03.2021-ж. №194 лотерея ойнотуу уруксаты. Ѳткѳрүү мезгили: 7.03.2021-ж. – 31.05.2021-ж. Бардык смартфондор тастыкталган. "О!Деньги" сервиси "Грин Телеком Сервис" ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмесинин алкагында берилет. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: