super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек ара жаңжалында жаракат алгандардын азыр абалы кандай? Канчасы чет өлкөдө дарыланууда? Саламаттыкты сактоо министрлиги жооп берет

 

Ушул жылдын 29-апрелинде Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал күчөп, ал тажик тараптын агрессивдүү ок атуу, үйлөрдү өрттөгөнү менен уланган. Аталган окуяда жаракат алгандардын азыр абалы кандай? Бул боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Кубанычбек Калмаматовго байланышып көрдүк.

"Баткендеги чек арада болгон жаңжалда жабыркагандардын жалпы саны 172 адамга жетти. Алардын 80 пайызына операция жасалган. Калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Бүгүнкү күнгө карата саламаттыкты сактоо мекемелеринде 6 жабырлануучу дарыланууда. Атап айтканда, Улуттук хирургия борборунда, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда, Ош облустук бириккен ооруканасында жана Ош шаардык клиникалык ооруканасында. Калган жабыркагандар курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институтунда реабилитациялык дарыланууда. Ошондой эле эки жабыркаган жаран Түркия мамлекетинде жогорку технологиялуу медициналык жардам алуу боюнча жөнөп кетишкен.

Жабыркагандардын канчасынын ден соолугуна кесепеттер тийгендиги боюнча республикалык соттук-медициналык экспертизанын эксперттери иш алып барышууда. Баткен облусу боюнча 76 жаранды жана Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жаткандардын 37сине соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, жаракат алгандарына жараша корутундулар берилүүдө", - деп билдирди Калмаматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: