"Бирөө каза болду". Садыр Жапаровдун кортежи Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылды
Бүгүн, 4-июнда өлкө башчы Садыр Жапаровдун кортежинин унааларынын бири Ысык-Көл районундагы Ананьево айылына жакын жерде жол кырсыгына кабылды. Маалыматты SUPER.KG порталына президенттик аппараттан тастыкташты.
"Бүгүн, 4-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда жүргөндө коштоп бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылды. Ысык-Көл районунун Ананьево айылына жакын жерде коштоп бараткан кызматкерлерге бекитилген унааны каршы тилкеден чыккан жеңил унаа сүзгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыгып кеткен унаанын айдоочусу мас абалында болгон.
Бул жол кырсыгынын кесепетинен УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлеринин ичинен үчөө жаракат алып, бирөө каза болду", - деп билдиришти президенттик аппараттан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Ал жакта Ташиевди коштоп бараткан
Бул жакта Жапаровду коштоп бараткан Аллахым тынчтык бере көр
ОЗУ коп машина менен жутогону жакшы кол салганда кайсы унада экендиги билинбейт"