super.kg logo

"Ок атуучу куралдан жаракат алган". Таласта 18 жаштагы кыздын сөөгү унаадан табылды

 

Талас облусунда 18 жаштагы кызды өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-июнда болжол менен саат 15:20 чамасында Кара-Буура РИИБинин нɵɵмɵт бɵлүмүнɵ "Тез жардам" кызматынан Жаңы-Жер айылында белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

"Билдирүүнүн негизинде, тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Окуя Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында болгон. Ал жерде токтоп турган унаанын ичинен кыздын болжолдуу ок атуучу куралдан алган жаракаты менен жансыз денеси табылган. Кароо жана текшерүү жүргүзүү учурунда, жарандын аты-жөнү аныкталып, ал Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылынын 2003-жылы туулган тургуну экендиги белгилүү болгон. Ал эми табылган унаа айып короо жайына токтотулган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Факты боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергɵɵ тобу түзүлүп, кылмыштын бетин ачуу максатында кылмышка тиешелүү адамдарды аныктап, аларды кармоого багытталган тергɵɵ-оперативдик иш-чаралары жүргүзүлүүдɵ. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандарды табуу максатында атайын иш-мерчемдер уюштурулуп, багыттамалар тиешелүү органдарга жөнөтүлдү. Кылмыштын бетин ачууга багытталган тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
05.06.2021. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ай байкуш ай. Он гулунун Бир гулу ачыла электе кайсы зоокур, эмне учун олтурду экен?((
05.06.2021. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адашып ата турган адамынын оордуна ушу кызды аткан окшойт, болбосо 18 жаштагы кыз ата турган даражадагы иш кылбаса керек. Же ата энеси криминалисттер или честный бир чындыкты билген адамдар го. Бейишин берсин, туугвндарына сабыр.
05.06.2021. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлошкон кызы экен уйлонолу десе болбогондон атып таштаган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: