super.kg logo
  Саясат  

"Маанайы жакшы". Депутат Аида Касымалиева камактагы Асылбек Жээнбековго жолукту

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева "Кумтөр" боюнча УКМКнын СИЗОсунда отурган Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековго жолугуп чыкты. Бул тууралуу Касымалиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"УКМКнын СИЗОсунда отурган кесиптешим жана Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Шарипович Жээнбековго жолугуп чыктым. Асылбек Шариповичтин маанайы жакшы, токтоо жана ар дайымкыдай өзүн татыктуу алып жүрөт. Ал болгон окуялардын бардыгын эсептешүү жана саясий талааны тазалоо деп эсептейт. Анткени ага коюлган айып боюнча эч кандай фактылар жана жүйөлөр жок. Муну түшүнүү үчүн 2012-жылдагы ошол жыйналыштардын токтомдорун жана стенограммасын окуп, салыштырып, жолугушуулар кандай өткөнүн, ким эмне деп айтканын караш керек. Ал бардык колдоочуларына жана өнөктөштөрүнө салам жана мыйзамдын чегинде өзүнүн күнөөсүз экендигин коргой турганын айтты", - деп жазды Касымалиева.

Асылбек Жээнбеков 31-майда УКМК тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: