super.kg logo
  Спорт  

Футбол: "Ак шумкарларга" Осака шаарында машыгууга уруксат берилбей жатат

 

Учурда Япониянын Осака шаарында жүргөн футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасына машыгууга уруксат берилбей жатат. Бул тууралуу башкы машыктыруучу Александр Крестинин бүгүн, 6-июнда өткөн онлайн маалымат жыйынында айтты.

"Бүгүнкү күндө эртең эмне болору тууралуу эч нерсе айта албайм. Тосуп алып жаткан тараптын аракети эч жакка жарабайт. Биздин даярдануубузду эч түшүндүрбөй эле жокко чыгарышты. Биз теориялык даярданууну да кыла албай жатабыз, анткени бир бөлмөдө көп кишиге кирүүгө уруксат берилбейт экен. Вируска тапшырган тестте бардыгыбыздыкы терс болуп чыккан, команданын бир мүчөсүнөн шек санап жатышат. Бирок бул жерде да чоң суроо туулат - аэропортто тест тапшырганда ал эч оорубай эле келген, бир түндө кантип ооруп калды?

Экинчиден, анда эмнеге мейманкананын кызматкерлери күн сайын алмашпай, ошолор эле иштеп жатышат? Балким, алардан жугушу мүмкүн да. Мен бул абалды эч түшүнбөй турам, комментарий берүү да мүмкүн эмес.

Осакада бир эле жолу машыгуу өттү, тесттин жыйынтыктары терс болсо дагы, толук курам менен чыга алган жокпуз. Кай бирөөнүкү оң болушу мүмкүн, бирок булардын тесттеринин сапаты аман эле болсун. Мындай тесттерди эч жерде кабыл алышпайт, туура эмес да көрсөтөт экен. Команданын бир мүчөсүн чыгарып салышты, бирок калгандарына эмнеге машыгууга чыгууга уруксат бербей коюшту? Алардын жыйынтыгы терс болчу да", - деди Крестинин.

Кечээ, 5-июнда команда чакан көлөмдө машыгуу өткөргөнү кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.06.2021. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка командалар не кылып жатышат,алар деле биз сыяктуу,машыгуу өткөрбөй элеби
06.06.2021. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sinbagila ak shumkarlar, silerden umutubuz chon, kyrgyz eli siler menen. Kanday gana toskoolduk bolbosun duhtu tushurboy erten tatiktuu oyun korsotkulo...
06.06.2021. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
umarbey,кантип татыктуу ойун корсотот жарымы эле ооруп журушсо, Ак шумкар деп алгандарына эмне дейсин дагы. Жаман иттин аты бору басар болуп
06.06.2021. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Samash-87,Сага баары бир эмеспи? Женилсе сага не Ак шумкарларга күйбөгөндөн кийин? Жакпаса кыргыз футболчулары жөнүндө жаңылыкты окуба, аларды караба! Өзүнчө эле нерв болуп алыпсын го!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: