super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр Токон Мамытов Аксыда Дейрес айылында эл менен жолугушту

 
Кечээ, 23-октябрда вице-премьер-министр Токон Мамытов Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна болгон иш сапарында Аксынын Дейрес айылында эл менен жолугушту. Дейрестиктер айылда таза суу, сугат суу маселелери боюнча арызданышты. Алардын айтымында 20 чакырым жерге барып таза суу ташып келишет. Айылдыктар жердин тузун арылтуучу атайын каналдар толуп, жер шор басып баратканын жана аны кургатып, каналдарды тазалоо үчүн өкмөт каражат жагынан жардам берүүсүн өтүнүштү. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Дейрестеги чек арачылар эки Өзбекстандын чек арачысын чек араны мыйзамсыз бузгандыгы үчүн атышкан. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: