Бишкекте коронавирусту дарылоочу 11 стационар иштөөдө
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы стационарларда 849 адам коронавирус илдетинен дарыланууда. Бул тууралуу брифинг учурунда шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.
"Бишкек шаарында коронавирус жана пневмония менен ооругандарды дарылоо максатында 1 миң 165 орундуу 11 стационар иштеп жатат. Бүгүнкү күндө ал стационарларда 849 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 538 бейтаптын абалы орточо оор, 244 бейтаптын абалы оор, 66 адамдын абалы өтө оор, 79 бейтап жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.
Стационарларда жалпы 317 бош орун бар", - деп билдирди Шамырканова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.