super.kg logo

УКМК кызматкерине Бишкек мэриясынын бухгалтери пара берүүгө аракет кылган. Ал кармалды

 

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коррупцияга каршы иш-аракеттердин алкагында УКМК кызматкерине каржылык мыйзам бузуулар фактысы боюнча арызды кароону токтотуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын биринин башкы эсепчиси Н.П. пара берүү ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

"Арызды кароо учурунда муниципалдык ишкананын бир катар каржылык мыйзам бузуулары аныкталды, 2021-жылдын 31-майында аталган Н.П. аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылгандыгы аныкталды", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты тууралуу УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду. 4-июнда шектүү жаран кармалып, учурда козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: