super.kg logo
  Спорт  

"Утчу оюндан утулдук". Монголия курамасы 0:1 эсебинде "Ак шумкарларды" жеңип алды

 

Бүгүн, 7-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Осака шаарында Монголия курамасына каршы беттеш өткөрдү.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2021-06-07 15:54

Оюн аяктады. Монголия 0:1 эсебинде жеңишке жетти.

2021-06-07 15:50

Мирлан Мурзаев көтөрүлгөн топко башы менен биринчи жетип, өнөктөшүнө пас чыгарган. Тилекке каршы, дарбазачы биринчи жетти.

2021-06-07 15:47

Абай Боколеев дарбазага укмуштуудай сокку узатты. Дарбазачы топту тосуп, топ коргоочуга тийип сызыктан сыртка чыкты.

2021-06-07 15:44

Александр Крестинин Алимардон Шүкүровго өзүң теп деп айтып өттү. Ал ортодо Тамирлан Козубаев каршылаштарга карата оюн эрежесин бузду. Стандарттык абал.

2021-06-07 15:42

"Ак шумкарлар" бурчтан чыгарып берүүгө ээ болду. Мустафа Юсупов башы менен дарбазага жай сокку узата алды. Дарбазачы өз ордунда.

2021-06-07 15:39

Ахлидин Исраилов дарбазага кубаттуу сокку узатууга жетишип, топ дарбаза мамысынан өйдө кетти.

2021-06-07 15:36

Алимардон Шүкүров мыкты деңгээлде атаандашты жазгырып өтүп, пас чыгарды. Ага каршылаштардын коргоочусу биринчи жетти.

2021-06-07 15:33

Алмашууга келген Одилжон Абдурахманов сары айып кагазын алды.

2021-06-07 15:33

Кыргыз курамасы топко көбүрөөк ээлик кылганы менен дарбазага сокку узата албай жатат.

2021-06-07 15:31

Гүлжигит Алыкулов талааны таштап кетти. Анын ордуна Абай Боколеев талаага чыкты.

2021-06-07 15:28

Каршылаштар убакытты чоюуну баштады. Монголия дароо эле 2 оюнчусун алмаштырды.

2021-06-07 15:27

Фархат Мусабековдун чыгарып берүүсүнө каршылаштардын дарбазачысы биринчи жетти.

2021-06-07 15:24

"Ак шумкарларда" алмашуу: Турсунали Рустамовдун орудан Одилжон Абдурахманов оюн талаасына чыкты. Эдгар Бернахарддын ордуна Ахлидин Исраилов талаада.

2021-06-07 15:22

Александр Крестининдин ойлуу отурганы экрандан даана көрүндү. Ал ортодо Мустафа Юсупов оюн эрежесин бузгандыгы үчүн сары айып кагазына ээ болду.

2021-06-07 15:20

Кыргыз курамасы көпкө топ алмашуу менен кайрадан бурчтан чыгарып берүүгө ээ болду. Гол керек.

2021-06-07 15:18

Кезектеги бурчтан чыгарып берүүнү "Ак шумкарлар" аткарат. Көтөрүлгөн топко Монголия курамасы биринчилерден болуп жетти.

2021-06-07 15:16

Монголия курамасынын дагы бир футболчусу сары айып кагазын алды.

2021-06-07 15:14

Топко Кыргыз курамасы кайрадан көбүрөөк ээлик кылууда. Алимардо Шүкүров каршылаштардын дарбазасына жакшы кирип баруу жасады. Бурчтан чыгарып берүү орун алып, анда офсайд абалы орун алды.

2021-06-07 15:11

Фархат Мусабеков атаандаштардын дарбазасына жакшы кирип баруу жасаган. Бирок Монголия курамасынын коргоочусу топту тартып алды.

2021-06-07 15:09

Кыргыз курамасы бурчтан чыгарып берүүгө ээ болду. Ага Монголия курамасынын коргоочулары биринчи жетти.

2021-06-07 15:08

Монголия курамасынын оюнчусу Фархат Мусабековго каршы оюн эрежесин бузгандыгы үчүн сары айып кагазын алды.

2021-06-07 15:07

Каршылаштар дароо эле бурчтан чыгарып берүүгө ээ болушту. Абайлаш керек.

2021-06-07 15:07

Бурчтан чыгарып берүүнү Монголиянын футболчусу дарбаза мамысынан өйдө тепти.

2021-06-07 15:05

Оюндун экинчи бөлүгү башталды. Монголия курамасы дароо эле 2 оюнчусун алмаштырды.

2021-06-07 14:49

Оюндун биринчи бөлүгү аяктап, оюнчулар эс алууга кетишти. Эсеп саны 0:1. Монголия алдыда.

2021-06-07 14:48

Монголия курамасынын бүгүнкү голду жараткан футболчусу талааны таштап кетүүгө аргасыз болду. Кайрат Жыргалбек уулу сары айып кагазын алды.

2021-06-07 14:45

Оюндун негизги убактысы аяктап, калыс кошумча 2 мүнөт кошту. Ал ортодо Кайрат Жыргалбек уулу Монголия курамасынын оюнчусуна карат оюн эрежесин бузду.

2021-06-07 14:43

Александр Мищенко стандарттык абалды аткарып, дарбазага сокку узатты. Топ дарбаза мамысынын жанынан өттү.

2021-06-07 14:41

Кыргыз курамасы арты-артынан чабуул узатышууда. Мурзаевге каршы оюн эрежеси бузулду. Стандарттык абал.

2021-06-07 14:41

Топко Мищенко, Бернхардт жана Мурзаев жакындап келди. Кимиси тебет?

2021-06-07 14:38

Эдгар Бернхардт атаандаш футболчуга карата оюн эрежесин бузду. Топ Монголия курамасында.

2021-06-07 14:37

Монголия курамасы 5-номердеги оюнчусун 17-номурдагы оюнчусуна алмаштырды. Алмашууга кеткен футболчу коргоочу болчу.

2021-06-07 14:35

Гүлжигит Алыкулов каршылаштардын дарбазасына мыкты деңгээлде кирип барып сокку узатты. Тилекке каршы топту Монголиянын дарбазачысы тосуп калды.

2021-06-07 14:33

Монголия курамасы стандарттык абалды аткарды. Тилекке каршы, Айзар Акматовдун дарбазасына гол кирип кетти. Эсеп саны 0:1. Ойнош керек, жигиттер.

2021-06-07 14:32

Кыргыз курамасы топко көбүрөөк ээлик кылууда. Ал ортодо Кайрат Жыргалбек уулу каршылаш футболчуга каршы оюн эрежесин бузду.

2021-06-07 14:30

Турсуналиии! Мирлан Мурзаевдин 2 коргоочуну алдап мыкты чыгарып берген пасын Турсунали Рустамов дарбаза мамысынан өйдө тепти.

2021-06-07 14:28

Турсунали Рустамов каршылаштардын дарбазасына кубаттуу сокку узатты. Жыйынтыгында бурчтан чыгарып берүү.

2021-06-07 14:27

Эдгар Бернхарддын бурчтан чыгарып берүүсүнө Монголия курамасынын коргоочулары биринчилерден болуп жетти.

2021-06-07 14:26

Кыргыз курамасы кезектеги бурчтан чыгарып берүүнү аткарат.

2021-06-07 14:25

Монголия курамасынын коргоочусу Мирлан Мурзаевге каршы оюн эрежесин бузду. Негизи эле каршылаш агрессивдүү оюн алып барууда.

2021-06-07 14:23

Александр Мищенко мыкты деңгээлде топту алып өтүп чабуулга чыкты. Аны каршылаштардын коргоочусу сызыктан чыгарып, бурчтан чыгарып берүү орун алды.

2021-06-07 14:21

Алимардон Шүкүров бүгүнкү оюнда активдүү болууда. Аны токтото албаганын түшүнгөн Монголия курамасынын коргоочусу топту сызыктан чыгарды.

2021-06-07 14:19

Алимардо Шүкүровдун мыкты чыгарып берүүсүн Турсунали Рустамов дарбазага таамай багыттай алган жок. Жакшы мүмкүнчүлүк болчу. Жигиттер өз оюнубузду ойношубуз керек.

2021-06-07 14:17

Абайлаш керек! Монголия курамасы бүгүнкү оюндагы өтө кооптуу абалды ишке ашырды. Коргоочу Тамирлан Козубаев топко атаандаштан биринчи жетти.

2021-06-07 14:15

Алимардон Шүкүровго карата орой ойногон Монголия курамасынын 6-номурдагы оюнчусу алгачкы сары айып кагазын алды.

2021-06-07 14:15

Эдгар Бернхардт атаандаштардан мыкты деңгээлде топту тартып алып, дарбазачы Айзар Акматов менен оюнду улантты.

2021-06-07 14:14

Гүлжигит Алыкулов ылдам каршы чабуулда мыкты болуп, дарабазанын жанынан топту аутка кетирип алды.

2021-06-07 14:12

Оюндагы алгачкы бурчтан чыгарып берүүнү Монголия курамасы аткарат.

2021-06-07 14:11

Топтогу Кыргыз курамасы өзүнө көбүрөөк кармап, кези келгенде чабуул уюштурууда.

2021-06-07 14:10

Оюн бир аз техникалык үзгүлтүккө учурап башталды. Учурда оюндун 10-мүнөтү эсеп саны 0:0.

2021-06-07 13:58

Оюн алдында Кыргыз футбол союзу "Ак шумкарлардын" чечинүүчү бөлмөсүнүн сүрөтүн жарыялады

2021-06-07 00:00

Кайрат Жыргалбек уулу каршылаштардын дарбазасына мыкты деңгээлдеги сокку узатып, дарбазачы аны ашырып жиберди.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(27)
07.06.2021. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ктрк спорт олуп эле калды го катып
07.06.2021. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга ак шумкарлар!
07.06.2021. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ктрк спорт озунун эн начар канал экенин далилдеди
07.06.2021. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кутман Кадырбеков кайда ал эмнеге дарбазага турган жок
07.06.2021. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдан көрсө болот билгендер айтып койгулачы
07.06.2021. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
О.тв иштебей эч жерден Коро албай жатабыз
07.06.2021. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биляя бул жэрде саясат бар, Эмнеге биздин футболчулардан корона вирус деп чыгарып,ойунга киргизбей жатышат...дарбазачылардан вирус аныкталып калган окшойт...
07.06.2021. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вратарь жок эмнеге бардынар ал жака тушунбойм,запаснойлор кайда калды?
07.06.2021. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
21-кылымда ушинтип футбол коро албай отурсак эмне деген шумдук?
07.06.2021. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечөө жэ машыгууга уруксат бербесе...
07.06.2021. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коро албай жатабыз уят эле
07.06.2021. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аки пресс прямой эфир корсотуп жатат супер менин билдирумду очурбогулочу пожалуйста элдер деле корсун просто Отв кидать этип кетти
07.06.2021. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздикилер вообще ойной албай жатышат.. Нервтерин ордуна коюп ойнобосо жеңилип кала тургандайбыз.. Мурзаев өтө эле нерв болуп ойноп жатат
Abdyrashit.Satylganov түзөттү 2021-06-07 14:01:13
07.06.2021. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото шерменде болду!
07.06.2021. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Козубаев өтө эле агресивдүү ойноду, Бул Кыргызстандын топ-Лигасы эмес да, оюнчулар кичине нервтерин кармап, жоопкерчиликтүү ойносо болмок. Биздикилер түзүк эле ойноду, болгону көп нервтенген үчүн эрежени бузуп, түз эле катага жол беришти
07.06.2021. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Футбол ойнобой эле койгулачы айланайындар
07.06.2021. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aibek_eka,сөзунө кошулам,акча коротуп футболчулар айлык аласынар ошонун бир тыйынында актай албасанар футболду жапкыла.
07.06.2021. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уят ак шумкар колдоп журдум эле болушунча жок дегенде 1 - 1 болуш керек эле
07.06.2021. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайран акча силерге Жумшаган экинчи футбол ойнойм дебегиле
07.06.2021. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Omyke,канчалаган акчаларды коротушту футболду жапкыла.
07.06.2021. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин мыкты оюнчуларыбыз катышпай калбадыбы ошентсе да жакшы ойношту команда толук болгондо тигилерди айрымак экен
07.06.2021. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уят эле.ээн слабый деген командага утулуп беришти.Биздин мамлекет даже футболдо дагы же акыркы.Футболчуларга шарт жок, нормальный стадион жок.тушунобуз бирок монголиядан утулуп калганы ваше позор
07.06.2021. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондон көрө Баткенге барып жардам бергиле усталарга
07.06.2021. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жалаң Дордойчуларды чогултпай бөлөк клубдардан да алыш керек эле Крестининди да алмаштыруу керек окшойт
07.06.2021. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болок эле иш кылгыла ,олконун атынан чыгып жатканынарда ойлонуп ойносонор болмок ...ИТ эле экннсинер
07.06.2021. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ит болдуго бул жагы уят жагынан 1 орунда журо берет экенбизда
09.06.2021. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: