super.kg logo

"Күнүгө арак ичип, мас болуп келет экен". Президент Чүй облустук сотунун төрагасынын мас абалындагы видеосун көрсөттү

 

Бүгүн, 7-июнда сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны өттү. Анда президент Садыр Жапаров Чүй облустук сотунун төрагасынын мас абалындагы видеосун көрсөттү.

Президент Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакировадан "Видеодогу ким экенин тааныдыңызбы?" деп сурады.

Нургүл Бакирова: "Чүй облустук сотунун төрагасына окшоп турат?" - деп жооп берди.

Садыр Жапаров: "Туура таптыңыз. Сот системасына адилеттүүлүктү орнотолу деп жатабыз. Анан мындай соттор өздөрү оңолбосо, мыйзамдарды алтын тамга менен жазып койсок дагы реформаны аягына чыгара албайбыз. Бир килейген облусту караган соттордун төрагасы күнүгө арак ичип, мас болуп келет экен. Күндө кабинетине ушинтип кирет экен. Анан ушундай соттор менен кантип реформа жүргүзөбүз?" - деди.

Жогорку Соттун төрайымы бул иш боюнча чара көрүлөрүн айтты.






Президент Чүй облустук сотунун төрагасынын мас абалындагы видеосун көрсөттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
07.06.2021. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Көпкөн да
07.06.2021. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
munduz2016,- басылып кетти + басам деп. Ооба копкон акчага тоюп кайсыл жерде иштээрин унуткан. Адамдын тагдырын ушул алкаш мас абалында чечип журуптурда а ошондо
07.06.2021. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Асынып өлүп алса болмок...ошентип ичкиче
07.06.2021. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дамир Онолбеков экен го! 2010-жылы 7-апрель окуясын караган сот
07.06.2021. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындайдан Баткенде да бар эле бирөө бирок кеттиби жокпу билбейт экенмин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: