super.kg logo
  Саясат  

Депутат парламенттик шайлоо 31-октябрда өтүшү мүмкүн экенин айтты

 

Депутат Дастан Бекешев парламенттик шайлоо 31-октябрда өтүшү мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-июнда телеграм каналына жарыялады.

"Кечээ мен президенттик администрациянын сайтына жарыяланган мыйзам долбоорун окуп чыктым. Бул мыйзам долбоору VII чакырылыштын депутаттарын шайлоого байланыштуу. Мыйзам долбоорунан түшүнгөнүмдөй, парламенттик шайлоо 31-октябрда өтөт. 35 орун бир мандаттуу адамдар, башкача айтканда, округдарда көрсөтүлө тургандар, өлкө боюнча 35 шайлоо округу болот, бир округдан депутат өзүн өзү көрсөтүү жолу менен же партия аркылуу көрсөтүлүшү мүмкүн. 55 орун партиялар аркылуу, бир партия бардык 55 орунду ээлей алат", - деди Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: