Франциянын жаранынын телефонун уурдады деп шектелген адам кармалды
Борбор шаарда 31 жаштагы Я.Г. аттуу Франциянын жараны жашап жаткан үйдөн белгисиз адам тарабынан жашыруун түрдө
«iPhone 4S»
уюлдук телефону уурдалып кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 24-октябрда билдирди. Алардын маалыматына караганда, телефондун баасы 600 долларды түзөт. Бул боюнча, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери телефонду уурдаганга шектүү деп Каракол шаарынын 29 жаштагы А.Г. аттуу тургунун кармашты. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары башталды.
Автор: Жылдыз Жускембаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ilgez

24.10.2013. 14:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мээси чиригендерге тушунуп болбойт, смартфонду уурдагандан кийин симкарта салып алып суйлошуп журо берет, кантип кармалганын да билбей калат анан бечара.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.