super.kg logo

Үйгө барып жасалчу анализдер: "Гемотесттин" акысыз медициналык кызматы тууралуу

 

Бишкек жана Ош шаарларында лаборатория тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүнө биоматериалды алуу үчүн “Гемотесттин” медициналык кызматынын үйгө баруусуна тапшырык берсеңиз болот. Үйгө баруу акысыз.

«Гемотестте» лабораториялык диагностика кандайдыр бир себептерден улам өзү бөлүмгө келе албагандар үчүн да ашыкча чыгымдарсыз жеткиликтүү. Үйгө баруучу медициналык кызматты көбүнчө улгайган адамдар жана кичинекей балдары менен энелер колдонушат. Бул кызмат дайыма бошобогондор үчүн да актуалдуу, анткени медайымдын келүү убактысын тандаса болот.

Үйдөн “Гемотест” каталогунан көптөгөн анализдеринен, анын ичинде COVID-19га толук диагностикадан өтө аласыз: ПЧР-тест жана IgG жана IgM иммуноглобулиндери. Кабыл алынбайт: глюкозага толеранттуулук тести, гастропанелди изилдөө, урологиялык жыныстык сүртүндүнү алуу, стерилдүүлүккө кандын себиндиси, көздөн жана кулактан сүртүндүлөр, спермограмма, жаракаттардан бөлүнүп чыккан заттардан себинди.

Белгилеп кетиш керек, гемофилия менен бейтаптарга жана канды алган учурда жүрөк жана дем алуунун токтошу менен коштолгон абалдарда кызмат көрсөтүлбөйт. Бул учурда канды стационардын шарттарында алуу сунушталат.

Кызматты пайдалануу үчүн Кыргызстандагы “Гемотест” лабораториясынын сайтында табыштаманы калтыруу жетиштүү – муну кызмат барганга чейин жок дегенде бир күн мурун жасаш керек. Табыштаманы тариздегенден кийин адис бейтапка кайра чалат жана медициналык кызматтын баруу убактысын макулдашат.

Сиз төмөнкү номурлар боюнча байланышсаңыз болот: 0-800-111-88-88, (күндө 07.00дөн 20.00гө чейин, чалуу бардык КР операторлору үчүн акысыз).

Үйгө баруучу кызмат жума бою саат 7.30дан 13.00гө чейин иштейт, жекшемби - дем алыш.

Биоматериалды алуу акысы: вена каны – 100 сом, сүртүндү – 130 сом.

Каршы көрсөтмөлөр бар, адис менен кеңешиңиз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: