super.kg logo
  Спорт  

"Топко биз көбүрөөк ээлик кылдык". Александр Крестинин Кыргыз-Монголия беттеши боюнча билдирүү жасады

 

Бүгүн, 7-июнда Япониянын Осака шаарында 2022-Дүйнө чемпиондугунун квалификациясынын экинчи раунду алкагында Кыргыз өлкөсү - Монголия беттеши орун алды. Беттеш 0 - 1 эсеби менен аяктап, кыргыз курамасы жеңилүү ызасын тартты.

Оюндан кийинки маалымат жыйында кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин буларга токтолду.

"Монголия курамасын жеңиши менен куттуктайм! Топко биз көбүрөөк ээлик кылдык, дээрлик бардык оюнда чабуулда жүрдүк, бирок айып аянтында керектүү агрессия көрсөтө алган жокпуз, жыйынтыгында жеңилдик", - деди ал.

Ал эми коронавирус инфекциясы менен байланышкан жагдай тууралуу: "Бардык команданын тести терс жыйынтык көргөздү. Бул жагдай кабыл алган тарапка көп суроолорду жаратып жатат. Жыйынтыгында үч дарбазачы жана эки талаа оюнчу оюнга катышуудан четтетилди".



Эскерте кетсек, Япония өкмөтүнүн коронавирус инфекциясын алдын алуудагы саясаты боюнча кыргыз курама командасы коронавирус тестинин терс жыйынтыгына карабастан, жуктуруу күмөнү саналган тренердик штаб, администрация жана 2 оюнчу - Бекжан Сагынбаев, Аваз Откеев, 3 дарбазачы - Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Кашуба Валерий оюндан четтетилген.

Кураманын Осакага келишинен кийин инфекция жугузуу күмөнүнөн улам команда бир практикалык жана бир нече теориялык машыктырууларын өткөрүп жиберген, ал оюнчунун бүгүнкү тести терс жыйынтык көргөзгөн.

Техникалык жеңилүүнүн алдын алуу үчүн курама дарбазачысы жок ойноого мажбур болгон, дарбазачынын ордунда коргоочу Айзар Акматов оюн жүргүздү. Ал эми оюндарды кабыл алып жаткан уюштуруучу тарап оюндан четтетилген оюнчулар тууралуу команданы эки саат калганда гана кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
07.06.2021. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ойнобой коюш керек эле.Оюнчулар толук озуно келгиче,талаага чыкпайбыз деп талап койсонор болмок.
Экинчиден,эмнеге жалан эле "Дордой"командасынын оюнчулары ойноп жатат?Алай,Нефтчи,Абдыш Ата,Кант командасында мыкты оюнчулар бар.Эмнеге аларды кошподунар?Бул жерде геосаясат болуп жатат.Же коррупция бар.
07.06.2021. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Брат сен да отставкага кетишиң керек экен... Капа болбо мага)
07.06.2021. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Топко ээлик кылганынардан не пайда.ээн слабый командадан утулуп калсанар.
07.06.2021. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мага демек 90% владение мячом кылсанар дагы таблодогу счетту озгорто албасанар эмне толк!
07.06.2021. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Футболду жабып эле салгылачы эмне кереги бар акчаны алгандан башкага жарабагандан кийин. Унуткула улуттук курама эмес дворник болгонбуз деп эстеп жургулө.
07.06.2021. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Японияга нактиям гол саялбайсиңар, чемоданыңарды алып келе бергиле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: