super.kg logo

"Күйөөгө тийиш керек". Казакстанда жакындарынын басымына кабылган кыз пикетке чыкты

 

Казакстанда жакындарынын "турмушка чык" деген басымына кабылган кыз пикетке чыкты. Коңшу өлкөнүн басылмаларынын маалыматына ылайык, пикет Алматы шаарында 26 жаштагы Сабина Санбер аттуу кыз тарабынан уюштурулган.

Сабина Санбер үлпөт көйнөк кийип, "күйөөгө тийиш керек" деген плакатты көтөрүп алып, пикетке жалгыз чыккан. Муну менен ал турмушка чыга элек кыздардын жакындарынын ак жолук салынып, бүлө бол деген басымыны кабылып жатканын белгилеген. Айтымында, ата-энеси, курбулары, тааныштары көп учурда анын жаш курагын баса белгилей берет.

"Жашым канчада экенин билгендер, бойдок экениме таң калышат. Андан кийин дароо эле убакыт өтүп жатканын айтышып, турмушка чык дешет. Күйөөгө тийүүнүн стандарты, белгилүү бир убактысы жок. Нике турмуштун ысык, суугуна даяр болгондо, сүйүктүү адамыңды кезиктиргенде кыйылышы керек.

Тилекке каршы, көпчүлүк кыздар жакындарынын басымынан улам турмушка чыгып, эки ажырым жолго түшүп кетишет. Учурда бул көпчүлүктүн маселесине айланып бара жатат. "Жашың өтүп бара жатат, кийин эч ким албай коёт" дегендерге каршымын. Бул масакаралоо. Мен кыздардын турмушка чыгуусуна каршы эмесмин, мен коомдун рамкасына каршымын. Ошондуктан пикетке чыктым", - деген ал.

Сабина Санбердин демилгеси көпчүлүк кыздар тарабынан колдоого ээ болгону айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
08.06.2021. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Инстаграммдан подписчик кобойтойун деп ушуну ойлоп тапканго.
08.06.2021. 07:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
33SUUN,туура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: