Пакистанда эки поезддин кагылышуусунан каза болгондордун саны 40ка жетти
Пакистанда эки поезддин кагылышуусунан каза болгондордун саны 40ка жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Синд провинциясындагы Готки шаарына жакын темир жол бекеттеринин ортосунда эки тез жүрүүчү поезд кагылышкан. Поезддин бири рельстен чыгып, экинчи поездди сүзүп алган. Пакистандын премьер-министри Имран Хан кырсыктын себептерин аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүлөрүн айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.