super.kg logo

WhatsApp мессенжеринде жаңы функция пайда болду

 

Android түзмөгүнө орнотулган WhatsApp тиркемесинин колдонуучулары мындан ары өз аккаунтуна "флэш-чалуу" аркылуу кире алышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Мурда телефонго код жөнөтүлүп, аккаунтка SMS аркылуу кирүүгө мүмкүн болчу. Эми телефонго чалуу келет, бирок ага жооп берүүнүн кажети жок. WhatsApp чалуулар тизмесине кирүүнү суранып, андан кийин чалуу автоматтык түрдө өчүп калат.

Функция iOS түзмөгүндө иштебейт.

Буга чейин WhatsApp мессенжери, жаңы көп платформалуу функциянын киргизилиши менен бир учурда төрт түзмөк аркылуу аккаунтка кирүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Ошондой эле iPad'да биринчи жолу пайда болору белгилүү болгон. Бул тууралуу Facebook'тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана WhatsApp'тын башчысы Уилл Кэткарт маектешүүдө сүйлөшүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: