super.kg logo

Кара-Суу районунун прокуратурасы кримчөйрө өкүлүнүн ысымы ыйгарылган көчө фактысы боюнча текшерүүлөрдү жүргүздү

 

Кара-Суу районунун прокуратурасы Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Кыргызстан айылындагы Достук көчөсүн кримчөйрө өкүлү Айбек Нарматовдун ысымына алмаштыруу фактысы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп, тийиштүү тапшырмаларды берди. Бул тууралуу 24-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Буга чейин кылмыш чөйрөсүнүн өкүлүнүн ысымын туугандары көчөгө ыйгарып алышып, ага чара көрүлгөнүн 17-октябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкен эле. Окуя тууралуу: 2013-жылдын 3-мартында 25 чакты жашоочу чогулуш өткөрүп, көчөнүн атын өзгөртүү чечимин кабыл алышкан. 16-августта Кара-Суу районунун Төлөйкөн аймактык кеңешине Кыргызстан айылынын 20 жашоочусунун колу коюлган арыз түшкөн. Арызга кол койгондор өздөрү жашаган көчөгө Айбек Нарматовдун ысымын ыйгаруу сунушун билдиришкен. Арызды караган айылдык кеңештин депутаттары көчөгө аты бериле турган адам боюнча кеңири таанышып чыгуу үчүн маселени кароону башка күнгө жылдырышкан. Бирок 14-октябрда Айбек Нарматовдун туугандары өздөрү жашаган көчөнү аталган жарандын ысымынан атап, даректер жазылган көрнөктөрдү илип алышкан. Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан териштирүү иштери жүрүп, айыл өкмөтү тарабынан көрнөктөр алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.10.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочого Ташбай Эшбай дей бербей, издегенге ынгайлуу кылып номер менен коюлса Москвадагы кочолордой кылып. Анан да жакбаганы, каяктагы озбектердин аттарын коюп алган кочолор да бар экен Ош менен Жалабатта, ошолорду да озгортуш керек.
Модератор admin_media түзөттү 24.10.2013 16:26
25.10.2013. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilgez, башкалардын улутун кемсинткен сөздөрдү камтыган билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүүлөргө карабастан, эреже бузганыңыз үчүн 3 күн БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: