Орусияда мындан 5 жыл мурун таксистти тоногонго шектелген Кыргыз жараны аэропорттон кармалды
Орусиянын Тверь шаарында таксистти тоногонго шектелген Кыргыз жараны Шереметьево аэропортунан кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган Кыргыз жараны 2016-жылдан бери "тоноо" фактысына шектелип издөөдө жүргөн.
"Ал 2016-жылдын январь айында достору менен такси кызматын чакырып, Калининский районуна жеткирип коюуну суранган. Жеткиргенде алар айдоочуга күч колдонуп аны сабап, акчасын жана башка буюмдарын, ошондой эле унаасын тартып алышкан. Бул кылмыш ишинен бир нече күндөн кийин шектүү жана анын шериктери дагы бир таксистке кол салганы белгилүү болгон. Кыргыз жараны жоопкерчиликтен качып, Орусиянын аймагынан чыгып кеткен. Кылмыш иши сотко өткөрүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kkkk3259780

08.06.2021. 12:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аа шордуу..
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.