super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште “Айымдар клубу” түзүлдү

 
Жогорку Кеңеште "Айымдар клубу” түзүлдү. "Кыргызстандын парламентинин айымдар клубунун максаты - парламенттеги аялдардын туруктуу, кесипкөй уюмун түзүп, жетекчилик демилгелерин колдоо, гендердик стандарттарды түзүү, эл аралык аялдар кыймылдарына кошулуу жана ишин коомчулукка жайылтуу. Урааны – "Шарт түзүп, аракеттенебиз!" Клубдун мүчөлөрү Елена Рерихтин "Өз наркын билип, билим менен сулуулукка умтулган аялзаты өз мамлекетинин деңгээлин бийиктикке көтөрөт!" деген сөзүн туу тута турганын ЖКнын басма сөз кызмат билдирет. Долбоордун бүгүн, 24-октябрда боло турган ачылыш салтанатына кыргыз парламентинин эгемен жылдарындагы бардык чакырылышынын айым депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын Президентинин, өкмөттүн аппарат жетекчилери, министрлик менен мекемелердин кызматкерлери жана чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышат.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: