super.kg logo

"Сейфти ачып сакталып турган аңчылык мылтыкты октору менен уурдашкан". Чүйдө уурулук фактысына шектүүлөр кармалды

 

Чүй облусунда бир катар уурулук фактысына шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-май күнү Токмок ШИИБине 40 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда үйүнө белгисиз бирөөлөр киришип, Вепрь-КМ үлгүсүндөгү аңчылык мылтыгын жана 200 даана огун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси "уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Териштирүү учурунда үй ээси үйүндө жок учурунда белгисиз бирөөлөр терезеси аркылуу киришип, үйүндөгү сейфти ачышып, ал жерде сакталып турган ок атуучу куралды жана ок дарыларды уурдап кетишкени маалым болгон.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектелип, 26 жана 24 жаштагы эки жаран кармалышкан. Шектүүлөрдүн экөөсү буга чейин уурулук боюнча сот жообуна тартылганы териштирүү учурунда белгилүү болгон. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кылмышка шектүү жарандардын дагы Токмок шаарында 8 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги маалым болгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, шектүүлөрдүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: