Токмокто авиакырсыкта каза тапкан баскетболчулардын элесине арналган Эл аралык мелдеш өтүүдө
Токмок шаарында 2008-жылы авиакырсыкта каза тапкан баскетбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын оюнчуларынын жаркын элесине арналып, баскетбол боюнча Эл аралык мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу КРнын Баскетбол федерациясы билдирет. Мелдеш 1997-1998-жылкы өспүрүмдөр арасында өтүп, ага Кыргызстандан 5, Казакстандан 1 команда катышууда. Мелдештин алкагында катышуучу ар бир команда бири-бири менен ойноп чыгат. Эске салсак, 2008-жылы Бишкекте катталган авиакырсыктан 70 адам каза таап, алардын ичинде Иранга мелдешке бара жаткан баскетбол боюнча Кыргызстан курама командасынын оюнчулары да болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.