super.kg logo

Жерге чачылган акчалар. Таласта "Эл биримдиги" өнүктүрүү фондунун кеңсесине тинтүү жүргүзүлдү

 

Талас шаарында "Эл биримдиги" өнүктүрүү фонду деп аталган компаниянын иши териштирилүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Социалдык тармактарда милиция кызматкерлери үч-төрт жаран менен биргеликте капка салынган жана жерде чачылып жаткан акчаны санап жаткан видео тарады.

Талас облустук милициясы аталган фонддун кеңсесин тинтүү жана каражатты саноо жүргүзүлгөнүн билдирди.

"4-июнда милиция бөлүмүнө Талас шаарынын автобекетине элдер чогулуп жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам тобу барганда аталган автобекеттин ичиндеги имаратта коомдук өнүктүрүү багытындагы фонд ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталган. Анын өкүлү Талас районунун Таш-Арык айылынын 37 жаштагы Т.К. аттуу тургуну экени белгилүү болду. Ал өзүнүн наамына "Ашар касса" жоопкерчилиги чектелген коомун ачып, кийинчерээк "Эл биримдиги" өнүктүрүү фондуна өзгөртүлгөн. Аталган факты боюнча К.Т. Талас ШИИБине алып келинип, түшүнүк кат жазган", - деп айтылат маалыматта.

Милициядан учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.






Таласта "Эл биримдиги" өнүктүрүү фондунун кеңсесине тинтүү жүргүзүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: