Чүйдө ЖАМКнын №31 абагына баңгизат өткөрүүнү көздөгөн жаран кармалды



ЖАМКнын №31 абагына баңгизат өткөрүүнү көздөгөн жаран кармалды. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-июнь күнү таңкы саат 04:10 чамаларында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №31 абагына Чүйдүн Беловодское айылынын 1982-жылы туулган тургуну жалпы салмагы 105 граммды түзгөн баңгизатын өткөрүүнү көздөгөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Кармалган жаран жана далил катары алынган баңгизат каражаттары мындан аркы тергөө иштери үчүн Октябрь РИИБине өткөрүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.