super.kg logo

Чүйдө милициянын полковнигинин үйүнө белгисиз жарандар уурулукка киришти

 
Ново-Павловкада Чүй ОИИББинин кызматкери, милициянын полковнигинин үйүнө белгисиз жарандар уурулукка киришти. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-июнь күнү эртең менен А.А. аттуу милиция кызматкеринин Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылында жайгашкан үйүнүн терезесинен белгисиз жарандар кирип, анын жеке буюмдарын уурдап кетишкен.

"Уурдалган сумканын бирин алар ыргытып жиберишкен. Аны таап алган жаран социалдык тармактарга жүктөп, ээсин издеген. Таап алган жаран биздин кызматкерге сумкасын жана жеке буюмдарын кайтарып берди", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.

Ал эми бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: