Кыргызстан Санкт-Петербург, Кемерово, Хабаровск крайында жана Калининградда консулдугун ачууну көздөйт
Кыргызстан Орусияга орусиялык шаарларда: Санкт-Петербургда, Кемероводо, Калининградда, Хабаровск крайында консулдугун ачуу сунушу менен кайрылды. Бул тууралуу КРнын ТИМинин консулдук кызмат департаментинин директору Ирина Оролбаева билдирди. Анын сөзүнө караганда Орусиянын аталган эл жыш жайгашкан шаарларында кыргыз диаспоралары көп санда. "Азырынча биз ал шаарларда сыйлуу консулдар аркылуу иштешебиз. Бизде Санкт-Петербургда жана Хабаровск крайында сыйлуу консулдарыбыз бар. Алардын жалпы саны Орусия боюнча төртөө",- дейт Ирина айым. Ошондой эле ал учурда Кытайдын Гуанчжоу шаарында генералдык консулдугун ачуу чечиминин бар экендигин кошумчалайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

