super.kg logo

Орхан Инандынын дайынсыз болушу: Жактоочу анын унаасындагы тартылып калган акыркы жазууларды көрсөттү

 

Жактоочу Таалайкүл Токтакунова Орхан Инандынын жоголуусуна чейинки унаасындагы тартылып калган акыркы жазууларды көрсөттү. Бул тууралуу жактоочу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Балким, кимдир бирөө бул тартылып калган адамды билет. Орхан Инандынын жакындарынын айтымында, тергөөчү тартылып калган бул жазууларды алган эмес. ИИМ күбөлөрдү сураштырып издөөнүн ордуна курулуштардан издөөнү туура көрүп жатат окшойт. Бул тасма тергөөчүгө өткөрүлүп берилди", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Маалымат үчүн:

Буга чейин "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.

Анда 1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда, Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Арызда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
09.06.2021. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким тарткан буларды неге тарткан каякта тартылган так маалымат жазсанар
09.06.2021. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
patriot.kg94,Домдун камерасы болуш керек,азыр ар бир уйдун кире беришинде камера бар эмеспи...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: