super.kg logo

Курбусу менен дарыянын жээгинде сүрөткө түшүп жатып буту тайып кеткен. Ошто сууга агып кеткен 15 жашар кыздын окуясы

 

Кечээ, 8-июнда Ошто сууга чөгүп кеткен 15 жаштагы кыздын сөөгү табылганы кабарланган.

SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин маалымат кызматынан окуянын чоо-жайын билдиришти.

Ага ылайык, 7-июнь күнү саат 18:40 чамасында Кара-Кулжа районунун 16 жаштагы тургуну "102" кызматына чалып, 15 жаштагы курбусу Кара-Кулжа дарыясынын жээгине барып сүрөткө түшүп жатып, кокустуктан буту тайып кетип сууга агып кеткендигин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөөдө 15 жаштагы кыз Кара-Кулжа айылында ата-энеси менен жашаганы белгилүү болгон. Ал ошол күнү аталган дарыянын жээгине 16 жаштагы курбусу менен келип сүрөткө түшүп жатып, кокусунан сууга агып кетип каза болгону аныкталган. Кыздын сөөгү издөө учурунда Кара-Кулжа дарыясынан табылган.

Кыздын каза болгон жерине жана жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлдү. Аны менен чогуу жүргөн 16 жаштагы курбу кызы атасы жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адисинин катышуусунда сурак берди. Учурда иш пландар түзүлүп, тергөө иши улантылууда", - деп билдиришти облустук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.06.2021. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аиий Аллам бейишин берсин эми.ушу телефондун пайдасынан зыяны коп болуп жатат же биз телефондун маданятын билбей жатабызбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: