super.kg logo

ИИМ: "Орхан Инандыны издеп жаткан учурда 164 кылмыш ишинин бети ачылды"

 

Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМ Орхан Инанды тууралуу кандайдыр бир маалыматтарга ээ болушу мүмкүн болгон жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, териштирүү жана тактоо иштерин улантууда.

"Милиция кызматкерлери дайынсыз болуп изделип жаткан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында башка кылмыштардын жана жоруктардын дагы бетин ачышты. Алсак, 1-июндан 7-июнга чейин 164 кылмыш менен жоруктардын бети ачылган", - деп жазылат маалыматта.

Алардын ичинен:

- Уурулук 57;

- Алдамчылык 45;

- Бейбаштык 7;

- Тоноо 1;

- Каракчылык 1;

- Никеге туруу максатында уурдоо 1;

- Ден соолукка атайылап зыян келтирүү 1;

- Орчундуу эмес өлчөмдөгү алдамчылык 38;

- Майда бейбаштык 3;

- Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо 3;

- Соттун өкүмүн, чечимин же башка соттук актыларды аткарбоо 3; (Жана башка фактылар)

"Мындан сырткары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан издөө ишине байланыштуу алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын негизинде 10 миң 434 объект, 3 миң 251 жеке менчик жана 6 миң 336 көп кабаттуу турак жай, 175 мейманкана, 91 курулуп жаткан объект, 377 көңүл ачуучу жай, 30 базар, 51 соода түйүнү, 31 сейилдөөчү жайлар, ошондой эле 88 унаа токтотуучу жайлар текшерүүгө алынды. Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
09.06.2021. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иштебейт экенсинерда анда силер.
09.06.2021. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир адам кылмышкер тура..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: