Бишкекте коронавирусту дарылоочу стационарларда 200дөн ашык бош орун бар
Бишкек шаарындагы стационарларда 886 адам коронавирус илдетинен дарыланууда. Бул тууралуу брифинг учурунда шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 9-июнга карата Бишкек шаарында коронавирус жана пневмония менен ооругандарды дарылоо максатында 1 миң 165 орундуу 11 стационар иштеп жатат. Стационарларда 886 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 563 бейтаптын абалы орто оор, 256 бейтаптын абалы оор, 65 адамдын абалы өтө оор, 80 адам жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.
Стационарларда жалпы 280 бош орун бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.