Өлкөгө COVID-19га каршы кытай вакцинасы дагы алып келинет
Өлкөгө SinoPfarm вакцинасынын 150 дозасы 20-июнга чейин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.
Министрликтин маалыматына ылайык, коронавирус илдетине каршы кытай вакцинасы 20-июнга чейин келери күтүлүп жатат.
Маалымат үчүн:
Өлкөдө кытайдын Sinopharm вакцинасынын 150 дозасы келип, эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган.
Буга чейин саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Синофарм вакцинасынын 150 миң дозасын алуу пландалганын жана аталган вакцинанын эч кандай кыйыр таасирлери байкалбаганын айткан.
Кытайдын SinoPharm вакцинасын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму каттоого алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.