Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Улуттук программанын долбоору талкууга коюлат
Президент Алмазбек Атамбаевдин
жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топ Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү
жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Улуттук программанын долбоорун коомчулуктун талкуусуна коёт. Бул тууралуу 24-октябрда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Программанын долбоорунда учурдагы кырдаал талдоого
алынып, мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү чаралары камтылган. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде,
туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жана элдин биримдигин ошондой эле этностор аралык мамилени чыңдоо
Концепциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Программада мамлекеттик, расмий жана чет
тилдерди окутуп-үйрөтүүнүн, Кыргызстанда жашаган этностордун тилин сактоонун
жана өнүктүрүүнүн зарыл шарттары камтылган.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

