super.kg logo

Күйүүчү майдын баасы боюнча Кыргыз өлкөсү дүйнөдө канчанчы орунда турат? Күйүүчү майды Орусия эмес, башка өлкөдөн алып келсе бизге кандай пайда?

 

Күйүүчү майдын баасы боюнча Кыргыз өлкөсү дүйнөдө канчанчы орунда турат? Күйүүчү майды Орусия эмес, башка өлкөдөн алып келсе бизге кандай пайда?

Учурда өлкөдөгү май куюучу жайларда бензиндин баасы дүйнөдөгү орточо баадан эки эсе төмөн. Эл аралык GlobalPetrolPrices.com рейтингинин маалыматтары боюнча, 2021-жылдын 31-майына карата дүйнөдө бензиндин литринин орточо баасы 1,18 доллар болсо, Кыргыз өлкөсүндө 0,628 доллар. Дүйнөнүн 169 өлкөсүндөгү орточо бааларды талдоочу бул рейтингге ылайык, Кыргызстан төмөнкүдөй жайгашкан:

- Суюлтулган мунай газынын наркы боюнча 4-орунда;

- Дизелдик отундун баасы боюнча 22-орунда;

- Бензиндин баасы боюнча 25-орунда (169 мамлекеттин ичинен).

GlobalPetrolPrices.com рейтингине ылайык, Кыргыз өлкөсү арзан күйүүчү май боюнча импортко көз каранды өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунду ээлегенин белгилей кетүү маанилүү. Бул 95 пайыз күйүүчү майды импорттогон Кыргыз өлкөсү үчүн чоң жетишкендик. Ошол эле учурда өлкөбүз күйүүчү майды жылына башка өлкөлөргө салыштырмалуу аз көлөмдө колдонот. Нефть саткан компаниялар көбүнчө күйүүчү майды көп көлөмдө алган өлкөлөргө арзан берет.

Алдыңкы жыйырмага кирген башка өлкөлөр - мунай өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар. Мисалы, Венесуэла, Сауд Арабиясы, Түркмөнстан, Кувейт, Катар, БАЭ, Иран, Казакстан, Нигерия жана башка өлкөлөр.

Кыргыз өлкөсүндө мунай заттарын жеткирүүнү диверсификациялоо:

Кыргыз өлкөсүндөгү мунай сатуучу компаниялар өлкөгө мунайзат продуктуларын альтернативдик камсыздоочуларды издеп келишет. Бирок Орусиядан күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү экспорттук пошлиналарды төлөбөстөн жүргүзүлөт. Башкача айтканда, дүйнөлүк баалардын деңгээлинен арзандатуу менен жүзөгө ашырыларын эске алуу керек.

Эч бир өлкө бизге мындай жеңилдиктерди бербейт. Башка потенциалдуу жеткирүүчүлөр (Түркмөнстан, Иран, Азербайжан) мунай заттарын дүйнөлүк биржалык баада сатышат. Казакстан экспорттук пошлинаны төлөп сатат. Бул жагынан алганда, алардын сунуштары экономикалык жактан пайдалуу эмес жана Орусияга салыштырмалуу атаандаштыкка туруштук бере албайт.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы Казакстанда күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз өлкөсүнө Казакстандын ички баасындай сатуу боюнча күтүүлөр туура эмес деп эсептейт. Казакстанда мунай зат продуктыларынын ички баалары пайдалуу эмес жана өз калкы үчүн багытталган - мунайды кайра иштетүүдөн келип чыккан жоготуулар Казакстандын мунайды сатуудан түшкөн кирешесинен каржыланат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
14.06.2021. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандай болгон кундо да Казахстандан импорт кылуу жолун табыш керек.
14.06.2021. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пошлинасы менен болгондо деле
14.06.2021. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пошлинасы менен болгондо деле ЕАЭБге кирип жатпайбызбы эмнеге себептен ЕАЭБге статистика менен алганда деле бизде жумуш орун аз айлык акы пенсия пособие 10 эсе аз ал жагын бизде омуру журналистеринда айтпайт
15.06.2021. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустар койбойт башаа мемлекеттерден алганга!
15.06.2021. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нефти тармагына башы жеткен адамдар комент жазса тушунот элем эми карасан ойду келди суйлой бергендер жудотту
15.06.2021. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо элүү сом арзан эле түшпөйт көтөрүлүшү мүмкүн деген белгиби?
15.06.2021. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул нефтетрейдерлер ассосациясы коррупциянын так чордону!!!

30 сомдук бензинди 50го чыгарып сатып жатышат.

Бизде бензин дуйнолук рыноктон 2 эсе арзан дейт. А биздин маяна, пенсия, пособие дуйнолук орточо пенсия, пособие, айлык-маянадан 10-30 эсе арзан экенин билбейсинерби не?

Бензинди кымбат сатып ар куну миллиарддап акча таап кооп жатасынар, озунорду актап пиарлап!!! Коррупционерлер!!!!!
Antiradikal5 түзөттү 2021-06-15 19:12:19
15.06.2021. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапаров ушул коррупционерлерди бирин калтырбай камап кустуруп, бензиндин баасын 30га тушуруп берсе болбойбу не?!
16.06.2021. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ташиев и Жапаров нефти жагынан бутуна турушкан..нефти бищнестери бар ушуларга выгодно болуп жатат го
16.06.2021. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ен жакшысы оштогу авто унаа щаводун иштеп електроный магиналады чыгаргыла коп коп ошондо нефтиге азырак кунубуз тушот хот 200 км га жете турган кылып чыгарса болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: