super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына "Качкындар" командасы катышат

 

Быйыл жайында Япониянын борбору Токио шаарында өтө турган XXXII жайкы Олимпиада оюндарына ар кайсы өлкөдөн куралган "Качкындар" командасы катышат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Качкындар" курама командасына спорттун 12 түрү боюнча 29 спортчу кирди. Оюндардын ачылыш аземинде, тагыраагы 23-июлда "Качкындар" командасы стадионго Греция курама командасынан кийин экинчи болуп чыгышат.

"Качкындар" командасынын тизмеси:

Сууда сүзүү: Алаа Масо, Юсра Мардини (Сирия);

Жеңил атлетика: Дориан Келетела (Конго), Роуз Натике Ликоньен, Жеймс Ньянг Чиенгджик, Анжелина Надай Лохалит, Пауло Амотун Локоро (бардыгы Түштүк Судан), Жамал Абдельмаджи Мохаммед (Судан), Тахловини Габриесос (Эритрея);

Бадминтон: Арам Махмуд (Сирия);

Бокс: Вессам Саламана (Сирия), Элдрич Родригез (Венесуэла);

Кайык менен сүзүү: Саид Фазлоула (Иран);

Вело жарыш: Масома Али Зада (Ооганстан), Ахмад Бадреддин Ваис (Сирия);

Дзюдо: Санда Алдас, Ахмад Аликай, Муна Дахук (бардыгы Сирия), Жавад Махджуб (Иран), Пополе Миссенга (Конго), Нигара Шахин (Ооганстан);

Каратэ: Ваэль Шуб (Сирия), Хамун Дерафшипур (Иран);

Мылтык атуу: Луна Соломон (Эритрея);

Таэквандо: Дина Лангеруди, Кимия Ализаде (Иран), Абдулла Седики (Ооганстан);

Оор атлетика: Сириль Фагат Чатчет (Камерун);

Күрөш: Акер Аль Обайди (Ирак).

Белгилей кетсек, 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарына "Качкындар" командасы да катышкан. Анда командага 10 спортчу кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: